Жер үлүшү-бул жер-агрардык реформанын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жаранынын менчигине акысыз негизде берилген айыл чарба багытындагы жер участогу, ага менчик укугу жеке менчик укугу жөнүндө күбөлүк менен ырасталат. Алардын жүгүртүлүшү КР Жер кодекси, КР “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” Мыйзамы менен жөнгө салынат. Жер үлүштөрү, эгерде алар “айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин талаптарына ылайык келсе (мамлекет, Кыргыз Республикасынын жарандары, ишинин негизги түрү Айыл чарба өндүрүшү болгон юридикалык жактар жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы бар банктар же башка адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер) башка адамдарга ээликтен ажыратылышы мүмкүн. 5 гектарга чейинки өлчөмдөгү жер үлүштөрү бөлүнгүс болуп саналат. 5 гектардан жогору жер үлүштөрү 5 гектардан ашкан өлчөмдөрдүн чектеринде гана өз алдынча участокторго бөлүнүшү мүмкүн, мында өз алдынча бөлүнүүчү участоктордун өлчөмдөрү 5 гектардан аз болушу мүмкүн эмес. |