Справочник

Жер мамилелеринин объектиси болуп эмне саналат?

Жер мамилелеринин объектиси болуп мыйзамда белгиленген тартипте жана учурларда пайда болушу, өзгөрүшү жана токтотулушу мүмкүн болгон жер участогуна укук саналат. Өз кезегинде, жер участогу болуп туюк чек аралардагы жер аянты эсептелет (КР ЖК 1-беренесинин 4 пункту). Жер участогунун аймактык чектери менчик ээсине же жер участогуна башка буюмдук укугу бар адамга берилүүчү документтердин негизинде тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан аныкталат. Жер участогу жекече аныкталууга тийиш, башкача айтканда анын укук белгилөөчү жана башка документтерде бекитилген чектери, максаттуу багыты, кадастрдык номери, жайгашкан жери жана аянты болууга тийиш.