Справочник

Райондук мамлекеттик администрация жер мамилелерин жөнгө салууда эмне кылат?

Жер участогун менчикке же пайдаланууга берет;

Жер кадастрын, жерге жайгаштыруунун схемасын жана долбоорун бекитет;

Жерге жайгаштырууну уюштурат;

Жерлердин пайдаланылышына жана корголушуна контроль жүргүзөт;

Өзгөчө баалуу жерлерди кошпогондо долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берет;

Жер реформасын жүргүзөт;

Анча баалуу эмес айыл чарба жерлерин кыйла баалуу жерлерге, бирдей баадагы Айыл чарба жерлерин бир түрдөн экинчи түргө которот; Айыл чарба жерлерин жана жер участокторунун башка түрлөрүн жерлердин башка категорияларына которууга макулдук берет. (КР Жер кодексинин 15-беренеси).