Справочник

Мэрия жер мамилелерин жөнгө салуу жаатында эмне иш кылат?

Муниципалдык менчикте турган жер участогун мыйзамда белгиленген тартипте жарандарга же юридикалык жактарга менчикке же пайдаланууга берет; Жер жана шаар куруу кадастрын, жерге жайгаштыруунун схемасын жана долбоорун бекитет; Жерлердин пайдаланылышына жана корголушуна контроль жүргүзөт; Долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берет. Облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын мэриялары айыл чарба жерлерин жана токой, суу фондунун жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жер участокторун, өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жерлерин жана башка маанидеги жерлерди жерлердин башка категорияларына которууга чечим түрүндө макулдук беришет жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизишет (КР Жер кодексинин 14, 16 – беренелери).