Административдик иш боюнча сиз сотко чейинки тартипте, андан кийин сот тартибинде даттана аласыз. Сотко чейинки даттанууда сиз административдик актыны кабыл алган органдын өзүнө да, жогору турган органга да даттанууну бир эле учурда бере аласыз. Бул учурда, даттануу жогорку орган тарабынан каралат.