Справочник

Өзүмдүн кыймылсыз мүлкүмө чек коюу жөнүндө Кадастрга арыз менен кайрылгам. Ал эми азыр болсо, мен камакка алуу мөөнөтү боюнча юрист же мамлекеттик каттоо кызматына ишенүүнү билбейм.

2011-жылдын 15-февралындагы Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелеринин 48-1-пунктуна ылайык «48-1. Кыймылсыз мүлктүн менчик ээси өзүнүн арызы менен өзүнүн кыймылсыз мүлкүнө чектөө коюуга укуктуу. Мында эркин формада түзүлгөн арыз жергиликтүү каттоо органында арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүргөн документ менен документтерди кабыл алуу үчүн терезеге берилет. Каттоочу арызга Мамлекеттик каттоо жөнүндө штамп коет, каттоо карточкасынын үчүнчү бөлүмүнө жана электрондук маалыматтар базасына жазуу киргизет. Чектөөнү алып салуу менчик ээсинин арызы боюнча жүзөгө ашырылат. Алып салуу үчүн акы төлөө укуктарды мамлекеттик каттоого жана кыймылсыз мүлккө укуктарга оорчулуктарды (чектөөлөрдү) төлөөгө бирдей өлчөмдө кабыл алынат.(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 407 токтомдорунун редакциясында). Ошондой эле тактоо үчүн МККнын колл-борборуна 119 номери боюнча кайрылсаңыздар болот.